Урматтуу мекендештер! Сиздерди улуттук дөөлөтүбүздү даңазалаган 5-март – Калпак күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

05.03.2025, 10:00
13

Урматтуу мекендештер!

Сиздерди улуттук дөөлөтүбүздү даңазалаган 5-март – Калпак күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Ак калпак – бул ата-бабаларыбыздан мурас болуп калган ыйык белек. Ал элибиздин эркиндигин, биримдигин чагылдырып, кыргыз элинин улуттук сыймыгы болуп эсептелет. Биз үчүн ак калпак жөн гана баш кийим эмес, ал – тарыхыбыздын, маданиятыбыздын, улуттук аң-сезимибиздин символу.

Кыргызда эр жигиттин жашын кийген калпагынан улам билген жакшы жышааны бар. Ата-бабаларыбыз калпакты жөн салды эле кие берген эмес. Бакай калпак кийген аксакалдарыбыз көп болсун. Ак калпагыбыз кышында жылуу, жайында салкындыгы менен башка улуттун баш кийиминен өзгөчөлөнүп турат.

Элибизде тынчтык, ынтымак жана биримдик өкүм сүрсүн. Жигиттерибиз бир күн эмес, ар күнү калпагын башынан түшүрбөй кийип жүрсүн.

Калпак күнүңүздөр куттуу болсун!