Урматтуу мусулман бир туугандар баарыңыздарды кирип келген Ыйык Орозо айы менен чын жүрөктөн куттуктайм!

19.02.2026, 14:44
1

Орозо – бул сабырдуулуктун, тазалыктын, кечиримдүүлүктүн жана боорукерликтин айы. Бул айда жасалган ар бир сооп иш, айтылган ар бир жакшы тилек, берилген ар бир жардам Жараткандын алдында улуу сыйлыкка татыйт. Жүрөгүбүздө ыйман бекемделип, бири-бирибизге урмат сыйыбыз арта берсин .

Үйүңүздөрдө береке болсун, дасторконуңуздардан ырыскы үзүлбөсүн. Балдарыбыз аман, карыяларыбыз кадырлуу болсун

Кармаган орозоңуздар, кылган дуба-тилектериңиздер кабыл болсун! 🌙

Сиздерди терең урматтоо менен Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Кыдыралиев