Шумкар-Уя айыл аймагындагы уз чебер айымдардын тобу Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында өткөн Улут баскан уулу жол” этнофестивалына катышып , жеңиш менен келишти.
Фестивалда “Ысык-Көл боз үйлөрдүн мекени” аталышындагы сынак уюштурулуп, Талас облусунун атынан барган Кымбат Байымбетова жетектеген Шумкар-Уянын уз чебер айымдары 1-орунга ээ болушту. Уюштуруучулар байгесине 80 миң сом акчалай сыйлык беришти.
Аталган фестиваль Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгы жана Кара-Кол шаарынын 155 жылдык мааракесинин алкагында өттү.
Уз чебер айымдардын аталган сынакка баруудагы жол акысына, боз үйдү жасалгасына жана башка чыгымдарга Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн бюджетинен 110 миң сом берилген.
Белгилей кетсек, Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Кыдыралиев жергиликтүү кеңештин колдоосу менен айылдын экономикалык, социалдык, билим берүү, маданият , спорт жана башка тармактарына тең карап колдоо көрсөтүп келүүдө.