20-июлда Суусамыр өрөөнүндөгү алтыгана бадалына байланышкан көйгөйлөрдү чечүү боюнча көчмө жыйын өттү.
Ага МинКаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев баштаган жетекчилер , адистер, тийиштүү мекелердин башчылары жана ошондой эле Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Кыдыралиев катышты.
Суусамыр өрөөнүндөгү 472 миң гектар жайыт бар. Анын 26.5 миң гектары Шумкар-Уя айыл өкмөтүнө тийиштүү .
Министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнө алтыгана бадалы менен күрөшүү , аны кайра иштетип жер семирткич жана тоют чыгаруу боюнча тапшырмаларды берди. Ошондой эле Шумкар-Уя айыл өкмөтү алтыга менен күрөшүүгө керектелүүчү техниканы алып берүүгө даяр экендигин билдирди.
Аталган иш-чара МинКабдын төрагасы Акылбек Жапаровдун алтыганага каршы күрөшү боюнча 8-июлда кабыл алган чечимдерин аткаруунун алкагында өткөрүлдү.