Талас районунун Шумкар-Уя айыл аймагында быйыл 225 орундуу мектептин курулушу башталат. Каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүнөт . Бүгүнкү күндө аталган мектептин эскиздик долбоору иштелип чыкты.
Айыл өкмөт башчысы Бакыт Кыдыралиевдин айтымында билим уя Чоң-Токой айылындагы эски мектептин жанына курулат.