ЖОЛ БОЮНДА ТАШТАНДЫ УРНАЛАРЫ ОРНОТУЛДУ

14.12.2025, 16:07
2

🔶Шумкар-Уя айыл аймагын бойлой өткөн Суусамыр-Талас-Тараз автожолуна 12 даана таштанды таштоочу урналар орнотулду.

☝️Эми жолоочулар үчүн таштандыны туш келди ыргытпай атайын таштандыга ылайыкталган челектерге салганга шарт түзүлдү.

🔶Табиятка аяр мамиле кылуу максатында жасалган бул шарттар айыл өкмөт башчы Бакыт Кыдыралиевдин демилгеси жана жергиликтүү кеңештин төрагасы Алтынбек Борукеев башында турган депутаттардын колдоосу менен ишке ашты. Керектелүүчү материалдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен сатылып алынды.

Жумушту "Шумкар Тазалык" МИсы ишке ашырды.