ЖОЛУҢУЗДАР ШЫДЫР БОЛСУН! ТАЛАСТА ЭГЕМЕНДИККЕ КАРАТА ЖОЛ БОЮ ЖАРЫКТАНДЫРЫЛДЫ!!!

30.08.2024, 00:24
34

☝️Демилгени Талас районундагы Шумкар-Уя айыл өкмөтү ишке ашырып, жергиликтүү бюджеттен каражат бөлгөн.

☝️Натыйжада Эгемендиктин 33 жылдыгында Талды-Булактан Кара-Ой айылына чейинки 25 чакырым караңгы жол жарыктандырылды

☝️Максаты элеттеги автоунаа менен мал жандыктары катышкан жол кырсыктарын азайтууга багытталды.

☝️Жолдун жарыктандыруудан кийинки абалы менен Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Кыдыралиев, кеңештин төрагасы Алтынбек Боркеев, депутаттар жана Талас районунун акими Нургазы Нармырзаев 31-августка караган түнү таанышып чыгышты.

☝️Эми Суусамыр-Талас-Тараз авто жолунун Шумкар-Уя айыл аймагына тиешелүү арылыгы толук кандуу жарык болуп калды. Жолуңуздар шыдыр болсун!