Жумагул уулу Алымкул атындагы орто мектебине 50 жыл

26.05.2025, 17:33
6

Сасык-Булак айылындагы Жумагул уулу Алымкул атындагы орто мектебинин 50 жылдык мааракеси өзгөчө шаӊ менен белгиленди. Жалпы 600дөй бүтүрүүчү катышып, билим уядагы күндөрүн эскеришти.

Салтанаттуу иш-чарага Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Кыдыралиев, айылдык кеӊештин төрагасы Алтынбек Борукеев, Жогорку Кеӊештин депутаты Гүлкан Молдобекова, «Элди тейлөө»эл аралык борборунун жетекчиси Барчагүл Касымалиева, отставкадагы подполковник Нурлан Аманжолов, жеке ишкер Данияр Осмонов жана башка ар бир жылдын өкүлдөрү ,ошондой эле жергиликтүү жетекчилер да катышып, мектептин 50 жылдыгына карата куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Салтанаттуу мааракеде мектептин шарттарын жакшыртууга салым кошуп келаткандарга жетекчиликтин атынан ыраазычылык баракчалары тапшырылды.

Иш-чарада Кылычбек Нусубалиевдин калемине таандык Жумагул уулу Алымкул мектебинин гимни жаңырып, мугалимдер тарабынан ырдалды. Мындан тышкары мектептин негизделишин, тарыхын чагылдырган кыскача сахналаштыруу болду. 50 жылдыкка арналган салтанат маданият тармагында эмгектенип жүргөн мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн коштоосундагы концерттик программа менен жыйынтыкталды.

Белгилей кетсек,аталган билим уяны аяктагандардын көбү азыр мамлекеттик кызматтарда, ишкерлик, спорт, медицина , билим берүү жана башка тармактарда үзүрлүү эмгектенип келишүүдө