Талас районунун Шумкар-Уя айыл өкмөтү КР “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын негизинде бош административдик муниципадык кызмат орундарына кадрлар резервине киргизүү үчүн

09.09.2024
70

Акыркы күн  24.09.2024
Квалификациялык талаптар  

 

Сынак жарыялайт:

 

Талас районунун  Шумкар-Уя  айыл өкмөтүнүн төмөнкү бош административдик муниципалдык кызмат орунуна сынак  өткөрүлөт:

  1. Бош административдик муниципалдык кызмат орундарынын кенже  тобун ( Юрист жана уюштуруу иштери боюнча жетектөөчү  адис)  ээлөөгө;

1. Кесиптик билимдин деңгээли:

      -Юриспрунденция

      2. Стажы жана иш тажрыйбасы:

       - иш стажына  талап коюлбайт

       3.Кесиптик компетентүүлүгү:

  -төмөнкүлөрдү билүү :

   Кыргыз Республикасынын Жер кодексин;

   Кыргыз Республикасынын Бузуулар кодекси;

   Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин;

   КР Жергиликтүү мамлекеттик администрация жан жергиликтүү өз алдынча өз алдынча  

  башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын;

   Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы №24 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматынын  жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн жана аны түзүүнүн  жана иштөөнүн тартиби жөнүндө” жобону;

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24 февралындагы №61 Жарлыгын менен бекитилген “ Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө жобосун;

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы №25 Жарлыгы менен бекитилген “Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын  жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө жобосун;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-майындагы №213 жаранды коргонуу жаатындагы эскертүүлөрдү берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу токтомун ;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-майындагы  №597  Өзгөчө кырдаалдардан келтирилген зыянды  баалоонун тартибин бекитүү жөнүндө” токтомун;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн   2019-жылдын 13-майындагы №219 “Коопсуз райондорго калкты эвакуациялоо жана көчүрүү ошондой  эле материалдык жана маданий баалуулуктарды  эвакуациялоо тартибин бекитүү жөнүндө токтому;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-апрелиндеги№179”Жарандык коргонуунун  мамлекеттик тутуму жөнүндө жобону бекитүү токтому ;     

  1. Административдик кызмат орундарынын кенже тобун (Мамлекеттик сатып алуулар инвестиция тартуу жана долбоорлор менен иштөө) кенже  кызмат (К-Б)       

1. Кесиптик билимдин деңгээли:

      -Экономика жана башкаруу, маалымат коопсуздугу , тейлөө сферасы , автоматташтыруу 

      жана башкаруу, эсептөө техникасы  жана информациялык  технологиялар 

       гуманитардык)

      2. Стажы жана иш тажрыйбасы:

       - иш стажына  талап коюлбайт ;

3.Кесиптик компетентүүлүгү:

  -төмөнкүлөрдү билүү :

  Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө”   

  Конституциялык  мыйзамын ;

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын;

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамын;

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө” мыйзамын.

Талас районунун  Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн  кадрлар резервине  сынак төмөнкүдөй өткөрүлөт:

–  административдик   муниципалдык кызмат орундарынын кенже тобун ээлөөгө;

Бош административдик муниципалдык кызмат орундарына киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек:

1) Кыргыз Республикасынын жараны болууга;

2) 18  жаштан жаш болбоого;

3) КР ченемдик укуктук актыларын билүүсү зарыл;

4) кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий

    тилдерди билүү;

5) компьютерде иштөө тажрыйбасы (Word/ Excel/ Интернет

Сынакка  катышуу үчүн төмөндөгүдөй документтерди тапшыруу керек;

- бош кызмат орду көрсөтүлгөн өздүк арыз;

- кадрлар боюнча өздүк баракча, сүрөтү (4х6 - 2 даана);

- өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

- резюме; 

- паспорттун көчүрмөсүн;

- керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт).

 

Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарды  сынакка катыштырууга жол берилбейт.

 

Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди төмөндөгү дарекке  жарыя чыккан күндөн баштап 15 календарлык күн ичинде саат 9:00дон  17:30 га чейин тапшыруу керек. Дареги: Талас району, Сасык-Булак айылы, Жумагул уулу Алымкул көчөсү №50, 

 Шумкар-Уя айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн имараты, Тел. 0708 44 94 76           

Толук маалыматты www.mmk.gov.kg сайтынан алсаңыздар болот.