Талас райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тапшырмасына ылайык, Кыргыз Республикасынын тоолуу райондорунда ишкердикти колдоого жана туруктуу өндүрүштүк-өткөрүү чынжырларын өнүктүрүүгө багытталган “Бизнесинкубатор жана акселератор” (БИА) гранттык программасы ишке киргизилип жаткандыгын маалымдайт. Аталган программа Италия Республикасынын Өкмөтү тарабынан Тоо өнөктөштүгүнүн Катчылыгы аркылуу бөлүнгөн 1 млн евро өлчөмүндөгү финансылык жардамдын алкагында ишке ашырылат. Программа Кыргыз Республикасынын бардык жети облусунун тоолуу аймактарын камтыйт. Программанын алкагында кооперативдерге, социалдык ишканаларга жана Кыргыз Республикасынын башка уюмдарына 15 000ден 50 000 АКШ долларына чейин гранттык каражаттарды берүү каралган. Гранттык колдоо төмөнкү багыттар боюнча долбоорлорго берилет:
- дары-дармектик жана жыпар жыттуу өсүмдүктөр;
- мөмө-жемиштер, жер-жемиштер жана жаңгактар;
- сүт азыктары жана салттуу продукциялар;
- аарычылык;
- жашылчаларды сактоо жана кайра иштетүү;
- табигый булалар жана жүн;
- элдик кол өнөрчүлүк;
- кайра иштетилген тамак-аш продукциялары;
- агротуризм;
- сугат;
- айыл чарба жаныбарларын сугаруу жана суу менен камсыз кылуу;
- аквакультура. Программанын расмий ишке киргизилиши сентябрь айынын ортосуна пландаштырылууда. Өтүнмөлөрдү кабыл алуу мөөнөтү эки жуманы түзөт. Андыктан, Сиздерге төмөнкү иштерди жүргүзүүнү тапшырабыз: 1.Райондун айыл аймактарындагы потенциалдуу катышуучуларга – кооперативдерге, социалдык ишканаларга, айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө жана башка тиешелүү уюмдарга аталган гранттык программа жөнүндө кеңири маалымат жеткирүү. 2. Программага катышууга кызыкдар болгон уюмдарга конкурстун талаптары, долбоорлордун багыттары жана өтүнмөлөрдү даярдоо тартиби боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. 3.Маалыматты жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын расмий вебсайттары, социалдык тармактары, мессенджерлери жана маалыматтык стенддери аркылуу кеңири жайылтуу. 4. Айрыкча райондун тоолуу жана алыскы аймактарында жашаган калкты маалымат менен толук камтууну камсыз кылуу. 5. Гранттык программага катышууга кызыкдар болгон потенциалдуу талапкерлерди алдын ала аныктап, алардын долбоордук сунуштарын белгиленген талаптарга ылайык Талас райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгына тапшырылсын. Тиркеме: 58 баракта Башчы Э.Казыбеков