Карысы бардын - ырысы бар
📌Карылардын эл аралык күнүнө карата Шумкар-Уя айыл өкмөтү аймактагы 70 жаштан жогору курактагы тургундарды "Ак тилек" ресторанына чакырып, майрамдык кече уюштурду.
✅ Салтанатка айыл аймактагы 6 айылдан биригип, 350дөн ашык карыя чакырылды.
🔶Иш-чарада Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Кыдыралиев жана айылдык кеңештин төрагасы Алтынбек Борукеев карыяларга таазим кылып, бекем ден соолук жана бакубат турмуш каалашты.
📌Карыяларга айыл өкмөтү тарабынан дасторкон жазылып, сый тамак тартылды. Ошондой эле ар бирине белектер тапшырылды.
📌Мындан тышкары жергиликтүү таланттар тарабынан ыр, бийлер аткарылып, аксакал ата, апалардын маанайлары көтөрүлдү.
🤲Жыйынтыгында аксакалдар бата берип, аруу тилектерин билдиришти.
@топовые поклонники