9-октябрда Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Кыдыралиев жана айылдык кеңештин төрагасы Алтынбек Борукеев айыл жериндеги курулуштардан кабар алып, көзөмөл жүргүзүштү. Айыл өкмөт башчысы подрядчы ишканалардын жетекчилерине катуу тапшырма берип, ишти сапапттуу жана өз мөөнөтүнөн кечиктирбей бүтүрүүнү эскертти.
📌Азыркы тапта айыл аймакта төмөнкүдөй курулуштар жүрүп жатат:
1. Саз-Булак айылындагы ички көчөлөргө суу өтүүчү лотоктор орнотулуп, жолдор асфальт төшөөгө жана тротуар салууга даярдалууда
2. Саз-Булак айылындагы авариялык абалда турган көпүрө толугу менен жаңыдан курулууда.
3. Кеңеш айылындагы көйгөйлүү “Жыландуу колот” жер каналы толугу менен бетондолууда
4. Кеңеш айылындагы Гүлай Орозалиева атындагы орто мектебине кошумча корпус катары заманбап азем залы курулууда
5. Кара-Ой айылында чоңдор жана балдар үчүн заманбап сквер салынууда
6. Кара-Ой айылындагы эски ФАПтын имараты толугу менен капиталдык ремонттон өткөрүлүүдө
7. Кара-Ой айылындагы 400 куб. таза суу резервуары курулууда
8. Ак-Коргон айылында 50 орундуу бала бакчанын курулушу жана ремонту жүрүп жатат
9. Ак-Коргон айылында 220 орундуу жаңы мектеп курулууда
📌Белгилей кетсек, бул объектилердин 8и айылдык кеңештеги депутаттардын колдоосу менен жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланууда. Ал эми Ак-Коргон айылындагы мектеп республикалык казынанын эсебинен курулууда.
🤝Баардык курулушка колдоо көрсөтүп жаткан айылдык кеңештин депутаттарына, мекеме-уюмдарга, Талас райондук администрациясына, КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө жана өлкө Президенти Садыр Нургожоевичке ыраазычылык билдиребиз.
📌Буйруса аталган объектилердин жарымы октябрь айынын ичинде ачылып, элге пайдаланууга берилет.
@топовые поклонники