Сиздерди 7-ноябрь — Маалымат жана басма сөз күнү менен чын дилимден куттуктайм!
Чындыкты чагылдырып, элдин үнүн бийликке, бийликтин маалыматын коомго жеткирген журналисттердин эмгеги ар дайым чоң жоопкерчиликти талап кылат.
Калемиңиздер курч, чыгармачылык жолуңуздар байсалдуу болсун!
Коомчулукка биздин Шумкар-Уя айыл аймагындагы турмушту, жетишкендиктерди жеткирүүдө көрсөткөн эмгегиңиздер жана кызматташтыгыңыздар үчүн терең ыраазычылык билдиремин.
Ар бириңизге ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана ийгиликтерди каалайм.
Урматтоо менен,
Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Кыдыралиев