Урматтуу агартуучулар, ардактуу мугалимдер!

05.10.2026, 14:37
23

Сиздерди бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар — Мугалимдер күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!
Мугалим — билимдин гана эмес, тарбиянын, адамгерчиликтин жана келечектин жол көрсөткүчү. Ар бир окуучунун ийгилигинде сиздердин мээнетиңиздер, сабырыңыздар жана ак ниет эмгегиңиздер бар.
Жаш муунга сапаттуу билим берип, мекенчил, билимдүү жана жоопкерчиликтүү муунду тарбиялоодогу талыкпаган эмгегиңиздер үчүн терең ыраазычылык билдиребиз.

Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, чыгармачылык ийгилик жана чоң жетишкендиктерди каалайбыз!

Мугалимдер күнүңүздөр кут болсун!
Сиздерли урматтоо менен,
Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн 
башчысы Бакыт Кыдыралиев