📌Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн демилгеси менен аймактагы 6 айылда масштабдуу ишембилик өткөрүлдү.Тазалык акциясына айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Кыдыралиев, айылдык кеңештин төрагасы Алтынбек Борукеев, депутаттар, мекеме-уюмдардын кызматкерлери, мектеп-бала бакчалардын эмгек жамааттары жана айыл тургундары активдүү катышты.
🤝Жалпы эл айылдардын көчөлөрүн тазалап, айлана-чөйрөнү иретке келтиришти. Чогулган таштандылар «Шумкар-Тазалык» муниципалдык ишканасынын атайын техникалары менен чыгарылды.
✅Ишембилик аймактагы тазалыкты сактоого үндөө жана маданиятты жогорулатуу максатында уюштурулду.
☝️Тазалыкты сактоо — ар бирибиздин милдетибиз!