Шумкар-Уя айыл өкмөтү, Экономика жана коммерция министрлигинин буйругун маалымдаган кат боюнча төмөнкүлөрдү билдиребиз. Шумкар-Уя айыл өкмөтү тарабынан калктын суроо-талабын эске алуу менен талдоо жүргүзүлдү. Азыркы учурда айыл өкмөтүнүн карамагында 4 муниципалдык ишкана калкка жарандык-укуктук мүнөздөгү кызмат көрсөтүп келет жана бул кызматтар калктын муктаждыгын толук камсыз кылууда. Кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмегине киргизүүгө сунушталуучу кызматтар:
- «Шумкар Тазалык» МИ: Айыл ичинен жана муниципалдык аймактардан катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу, ташуу таштандыларын көмүү жана сорттоо кызматы.
- «Шумкар Сервис» МИ: Айыл чарба техникаларын (трактор, чөп чапкыч ж.б.) калкка акы төлүү ижарага берүү кызматы, жер айдоо, чөп чабуу, жүк ташуу боюнча кызмат көрсөтүү.
- «Шумкар Суу» МИ: Калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу кызматы, сугат сууну жеткирүү жана арык-каналдарды тейлөө кызматы.
- «Черди Алтын Бешик» МИ: Туристтик, эс алуучу жана ден соолукту чыңдоо борборунда тейлөө кызматтары (жатакана, тамактануу, эс алууну уюштуруу).
Жогорудагы кызматтардан тышкары, азыркы учурда жергиликтүү коомчулук тарабынан кошумча жарандык-укуктук мүнөздөгү кызматтарга суроо-талап жок, калк толук камсыздалган. Сунушталган кызматтар бекитилген Тартипке ылайык кошумча тизмекке киргизүүгө даярдалды.
Башчы Б. Кыдыралиев