Президент Садыр Жапаровдун өлкөнү жашылдандыруу демилгесин колдоо максатында Шумкар-Уя айыл аймагында бүгүн 5000 түп ак кайың көчөтү отургузулду.
"Жашыл Мурас" өнөктүгүнө Талас районунун акими Байышбек Астанакулов жана Шумкар-Уя айылдык кеңешинин төрагасы Алтынбек Борукеев баштаган аймактагы депутаттар, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери , мектеп, муниципалдык ишканалардын ж.б мекемелердин эмгек жамааттары активдүү катышып , көчөт олтургузууга өзгөчө салым кошушту.
Жалпы 300 адамдын аракети менен 5 гектар жер көрктөндүрүлдү . Жашылдандырууга жергиликтүү бюджеттен 1 млн сом каржыланды. Жалпы 5000 көчөт отургузулду .
Буга чейин 2024-жылы 5000 миң, 2025-жылы 5000 кайың тигилген. Бүгүн дагы кошумча 5000 кайың көчөтү отургузулуп, жалпы 15 гектар жер жашылдандырылды.