"Ак жол сага бүтүрүүчү"!

29.05.2026, 11:36
14

Бүгүн, Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Кыдыралиев , айылдык кеңештин төрагасы Алтынбек Борукеев аймактагы Жумагул уулу Алымкул атындагы орто мектебинде уюштурулган “Акыркы коңгуроо” салтанатына катышышты.

Иш-чарада жетекчилер бүтүрүүчүлөрго ак жол каалап, келечектеги окууларына ийгиликтер тилешти. Ошондой эле жалпы окуучуларды талыкпай билим алууга жана мекенге татыктуу кызмат кылууга чакырышты.

Мындан сырткары, жаш муунга сапаттуу билим жана тарбия берүүдө эмгектенип келе жаткан мугалимдердин эмгеги өзгөчө белгиленип, "Ардак" грамоталар менен сыйланышты.

Салтанаттын алкагында облус боюнча математика сабагынан 1-орунду ээлеген окуучу Төлөгөнов Актанга уюлдук телефон белекке берилип, аны даярдап окуткан мугалимдерине акчалай сыйлыктар тапшырылды.