Бүгүн 10-майда Шумкар-Уя айыл аймагында Советтер Союзунун Баатыры Асанбек Оторбаевдин жаркын элесине арналган эл аралык турнирдин эркин күрөш боюнча бөлүгү башталды.
Мелдештин ачылыш салтанатында Шумкар-Уя айылдык кеңешинин төрагасы Алтынбек Борукеев, “Альянс Алтын” компаниясынын өкүлдөрү жана машыктыруучулар сөз сүйлөп, жаш балбандарга ийгилик каалашты.
Эске салсак бул турнир 1999-жылы токтоп калган. Мелдешти жандантууну Шумкар-Уя айыл өкмөтү демилгелеп, Күрөш федерациясынын жана демөөрчүлөрдүн колдоосу менен быйыл 3-жыл катары менен үзбөй уюштурулууда.
Жалпы 600дөн ашык өспүрүм катышып, мыктылары тандалууда. Жыйынтыгында 1-2-3-орунга ээ болгондорго акчалай сыйлыктар, диплом жана атайын даярдалган медалдар тапшырылат.