Ардактуу биздин аталар, энелер!

01.10.2026, 14:35
13

Сиздерди 1-октябрь — Эл аралык карылар күнү менен Талас районунун Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн жалпы жамаатынын атынан чын жүрөктөн куттуктайбыз!

Сиздер айылдын көркү, жаш муундун таянычысыздар! Өмүр жолуңуздардан топтогон тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар жана баталарыңыздар биз үчүн баа жеткис байлык.

Бүгүнкү бейпил жашоонун, элибиздин ынтымагынын, жерибиздин өнүгүүсүнүн артында сиздердин маңдай териңиздер, эмгегиңиздер жана бүтүндөй өмүрүңүздөр турат. Ар бир айткан батаңыздар кабыл болуп, ар бир таң сиздер үчүн кубаныч менен атсын!

Балдарыңыздардын сыйын, неберелериңиздердин күлкүсүн көрүп, узак жана бактылуу өмүр сүрүңүздөр! Сиздерге бекем ден соолук, көңүл тынчтыгын, үй-бүлөлүк бакытты жана берекелүү карылыкты каалайбыз.

Ар дайым төрүбүздө бар болуңуздар!

Урматтоо менен,
Талас районунун Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Кыдыралиев