Бүгүн, Шумкар-Уя айыл аймагында Советтер Союзунун Баатыры Асанбек Оторбаевдин жаркын элесине арналган грек-рим жана эркин күрөш боюнча “Шумкар-Уя” эл аралык турнири башталды. Мелдешке Кыргызстандын бардык аймактарынан жана Казакстан жалпы 600дөн ашуун жаш балбан катышууда. Алар бүгүн жана эртең күч сынашат.
Турнирди өткөрүүгө демөөрчү катары “Альянс Алтын” компаниясы 1 миллион сом бөлдү.
Спортту өнүктүрүүгө жана баатырды эскерүүгө арналган иш-чарада КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев , КР Жогорку Кеңешинин депутаты Улукбек Узакбаев , Талас районунун акими Байышбек Астанакулов, Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Кыдыралиев, айылдык кеңештин төрагасы Алтынбек Борукеев, “Альянс Алтын” компаниясынын өкүлдөрү, КР Эмгек сиңирген машыктыруучусу Мейрамбек Ахметов жана башка машыктыруучулар, демөөрчүлөр сөз сүйлөп, жаштарды чыныгы баатырларды унутпай жүрүүгө чакырышты.
Асанбек Оторбаев 1925-жылы Таластын Чат-Базар айылында төрөлгөн. Ал Улуу Ата Мекендик согуш учурунда 19 жашында фашисттик танканы токтотуу үчүн өзүн граната менен кошо жардырып, баатырларча курман болгон. Анын эрдиги элдин эсинде түбөлүк сакталат.
Эске салсак бул турнир 1999-жылы токтоп калган. Мелдешти жандантууну Шумкар-Уя айыл өкмөтү демилгелеп, Күрөш федерациясынын жана демөөрчүлөрдүн колдоосу менен быйыл 3-жыл катары менен үзбөй уюштурууда.