23-сентябрь – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата Шумкар-Уя айыл аймагындагы мектептерде, бала бакчаларда жана китепканаларда тематикалык иш-чаралар уюштурулду.
✅Мектептерде эне тилди даңазалаган көркөм окуулар болуп, ыр – бийлер аткарылды. Ал эми бала бакчаларда балдардын жаш өзгөчөлүгүнө ылайык жомоктордон үзүндүлөр, улуттук каада-салттарды чагылдырган чакан сценкалар жана тарбиялык иш-чаралар өткөрүлдү. Тарбиячылар тарабынан балдарга кыргыз тилин сүйүүгө, туура жана так сүйлөөгө, эне тилди урматтоого багытталган түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
📌Иш-чаралардын максаты мамлекеттик тилдин коомдогу ордун бекемдөө, кыргыз тилин урматтоо жана аны кеңири колдонууга өбөлгө түзүү, жаш муундарга эне тилдин баалуулугун жеткирүүгө багытталды.