Ийгилик жараткан балбан кызга 100 миң сом тапшырылды

27.07.2026, 16:38
21

Шумкар-Уя айыл өкмөтү Азия чемпионатында эркин күрөш боюнча III орунду камсыздап, өлкөнүн намысын коргогон Таңчолпон Кыбалбекованы сыйлады.

Спортчунун эл аралык аренадагы жогорку жетишкендигин баалап, Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Кыдыралиев жана айылдык кеңештин төрагасы Алтынбек Борукеев балбан кызга 100 000 (жүз миң) сом өлчөмүндөгү сертификатты тапшырышты.

Бул сыйлык Таңчолпондун үзүрлүү эмгегине, өжөрлүгүнө жана Кыргызстанды, анын ичинде Шумкар-Уя айыл аймагын эл аралык деңгээлде татыктуу даңазалаганына берилген жогорку баа.

Шумкар-Уя айыл өкмөтү Таңчолпон Кыбалбекованы дагы бир жолу чын жүрөктөн куттуктап, алдыдагы мелдештерде жаңы жеңиштерди багындырышына тилектешпиз!