Бүгүн 22-мартта Шумкар-Уя айыл аймагына караштуу Кеңеш айылында жабык типтеги футбол аянтчасы пайдаланууга берилди. Стадионго Качкыналы уулу Батырбектин ысымы ыйгарылды.
Ачылыш аземине айыл өкмөт башчысы Бакыт Кыдыралиев, айылдык кеңештин төрагасы Алтынбек Борукеев, Талас районунун акиминин орун басары Венера Мамбеталиева, күрөш боюнча Азиянын чемпиону Каныбек Жолчубеков, "Альянс Алтын" компаниясынын өкүлдөрү, жергиликтүү депутаттар, демөөрчүлөр жана айыл тургундары катышты.
Айыл калкы суранган футбол аянтчасын курууга жергиликтүү бюджеттен 9 500 000 сом каржыланды. Демилгени айылдык кеңештин депутаттары жана айыл өкмөтү колдоого алып, кыска аралыкта спорт объектиси курулуп бүттү.
Белгилей кетсек, бүгүнкүнү кошкондо Шумкар-Уя айыл аймагына караштуу 6 айылда тен бирден футбол аянтча болуп калды. Эми мындан ары айыл
өкмөтү жол, билим берүү, медицина жана өндүрүш тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурат.