Коррупциянын алдын алуу боюнча жыйын өткөрүлдү

23.04.2026, 12:16
20

Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Кыдыралиевдин жетекчилиги алдында коррупциянын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча жыйын өткөрүлдү.

Иш-чарага айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жана аймактагы мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Жыйында коррупциянын алдын алуу, мыйзамдуулукту сактоо маселелери талкууланды. Катышуучулар жоопкерчиликти күчөтүү жана эл менен тыгыз ачык иш алып баруу зарылдыгын белгилешти.