Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн Кеңеш айылынын жаш спортчусу Аманбеков Акбар Өзбекстандын Фергана шаарында өткөн бел боо күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында I орунду ээлеп, КР жана Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн намысын эл аралык деңгээлде татыктуу коргоду.
Аталган чоң жетишкендиги үчүн Шумкар-Уя айыл өкмөтү тарабынан спортчуга 100 000 сом, ал эми машыктыруучусу Насир уулу Бексултан агайына 50 000 сом өлчөмүндө акчалай сыйлык ыйгарылды.
Сыйлыктарды Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыи Кыдыралиев жана айылдык кеңештин төрагасы Алтынбек Борукеев салтанаттуу түрдө тапшырышты. Сыйлык тапшыруу учурунда Шумкар-Уя айыл өкмөтү спортчуну жана анын машыктыруучусун жогорку жетишкендиги менен куттуктап, мындан аркы мелдештерине ийгиликтерди каалашты.