Бүгүн, Талды-Булак айылындагы М. Туйтунов атындагы Бакай-Таш орто мектебинде «Кылмыштуулуктун алдын алуу – ар бирибиздин милдетибиз» аталышындагы жыйын өткөрүлдү. Жыйынга окуучулар, ата-энелер, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, айыл башчысы, имам, участкалык инспектор, мектеп директору жана мугалимдер катышышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча доклад окулуп, катышуучуларга кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мындан тышкары, 8–11-класстын окуучулары кылмыштуулуктун алдын алуу темасында даярдап келген кыска видео роликтерин көрсөтүштү.
Мындай иш-чаралар жаштар арасында тартипти бекемдөөгө, жоопкерчиликти жогорулатууга жана коомдогу терс көрүнүштөрдүн алдын алууга өбөлгө түзөт.