Сиздерди Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан жаз майрамынын эң көрктүүсү болгон бүгүнкү Энелер күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Эне — бул жашоонун булагы, үйдүн куту, үй-бүлөнүн тиреги. Сиздердин мээримиңиздер, сабырдуулугуңуздар жана чексиз камкордугуңуздар менен коомубуз өнүгүп, келечек муундарыбыз татыктуу тарбия алып келет. Сиздер берген акыл-насаат, көрсөткөн жол жашообуздун ар бир кадамында жарык чачат.
Сиздерге терең таазим кылып, бекем ден соолук, узун өмүр жана үй-бүлөлүк бакыт каалайм. Ар бир үйдө күлкүңүздөр жаңырып, ар дайым балдарыңыздардын сый-урматына бөлөнүп жүрүңүздөр.
Сиздерди терең урматтоо менен Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Кыдыралиев