Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына карата Шумкар-Уя айылдык аймагынын өнүгүүсүнө зор салым кошуп, өз ишмердүүлүгүндө айырмаланган жарандарды сыйлоо аземи өттү.
✍🏻Шумкар-Уя айылдык кеңешинин токтомуна ылайык, аймактын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга көмөктөшкөн бир катар инсандарга "Ыраазычылык кат, төш белги, белектер тапшырылып, "Ардактуу атуул" наамдары ыйгарылды.
✅Өз кезегинде Шумкар-Уя айыл өкмөтү жана айылдык кеңеш аймактын өнүгүүсүнө салым кошуп келаткан баардык инсандарга жана жергиликтүү тургундарга ыраазычылык билдирет.