1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Шумкар-Уя айыл аймагында айыл өкмөтү тарабынан майрамдык иш-чаралар уюштурулду.
Балдар үчүн концерттик программалар тартууланып, катышуучуларга балмуздак таратылып, түрдүү оюнчуктар белекке берилди. Кичинекей жеткинчектер ыр-бийлерге күбө болуп, көңүлдүү оюн-зоокторго активдүү катышышты.
Мындан тышкары, аймактагы жалпы билим берүү мекемелеринде спорттук мелдештер, кызыктуу оюндар өткөрүлүп, окуучулардын чыгармачылык дараметин өнүктүрүүгө багытталган «Асфальттагы сүрөт» сынактары уюштурулду.
Өсүп келе жаткан муунга кам көрүү максатында өткөрүлгөн бул иш-чаралар балдардын майрамдык маанайын көтөрүп, алардын бош убактысын пайдалуу жана кызыктуу өткөрүүсүнө өбөлгө түздү.