ШУМКАР-УЯ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ ЭСКЕРТЕТ!

02.10.2026, 14:36
23

Интернетте жана социалдык тармактарда жалган маалыматтар, фейк аудио-видеолор жана чагымчыл билдирүүлөр көбөйүүдө. Айрыкча жасалма интеллект аркылуу чындыкка окшош фейк материалдарды даярдоо жеңилдеп калды.

Ошондуктан ар бир жаранды маалыматты бөлүшүүдөн мурда текшерүүгө чакырабыз.
- Маалыматтын булагын текшериңиз.
- Расмий жана ишенимдүү булактарга гана таяныңыз.
- WhatsApp, Telegram жана социалдык тармактардагы күмөндүү билдирүүлөргө дароо ишенбеңиз.
- Күмөндүү аудио же видеонун расмий жарыяланганын текшериңиз.
- Такталбаган маалыматты башкаларга таратпаңыз.
- Эмоцияга алдырбай, маалыматка сын көз менен мамиле кылыңыз.

Шумкар-Уя айыл аймагында кырдаал туруктуу. Так маалыматты айыл өкмөтүнүн расмий булактарынан алыңыздар.
Ынтымагыбызды сактап, фейк маалыматка жана чагымчылдыкка бирге бөгөт коёлу!