Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Кыдыралиев Кара-Ой айылындагы ишке ашып жаткан жумуштарга көзөмөл жасады .

14.08.2024, 16:26
123

  Айыл өкмөт башчы тургундар менен жолугуп, кызыл чектен чыккан тосмолорду, сарайларды жана башка курулуштарды талапка ылайык ичкери  киргизүү зарылдыгын эскертти. 
Ошондой эле бул иштер  көчөлөрдү кеңейтүү максатында болуп жатканын түшүндүрдү.

☝Эскерте кетсек, Кара-Ой айылындагы чаң чыккан ички жолдорго 25-августтан тарта асфальт төшөө иштери башталат. 
☝Айылдын тарыхында ички жолдорго  асфальт басылган эмес 
☝Учурда жер жумуштары , жолдорду кеңейтүү иштери жүрүп жатат
☝Айылдагы эски мектеп капиталдык ремонттон өтүп, заман талабындай болуп жасалууда
☝ Айылдын көчөлөрүнө электр чубалгылары тартылууда
☝Жумуштарга акча Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн бюджетинен каржыланууда