ШУМКАР-УЯДА 916 ОКУУЧУ МЕКТЕП ФОРМАСЫ МЕНЕН КАМСЫЗДАЛДЫ

18.09.2026, 12:11
3

Жаңы окуу жылына карата Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн жана жергиликтүү кеңештин депутаттарынын демилгеси менен аймактагы 6 мектептин 1–4-класстарында билим алган 916 окуучуга жергиликтүү бюджеттин эсебинен жаңы мектеп формалары тигилип, акысыз берилди.

👔 Формалар Чоң-Токой айылындагы айыл өкмөтүнө караштуу тигүү цехинде жергиликтүү тигүүчүлөр тарабынан тигилди.

👦 Балдар үчүн — «четверка»,
👧 кыздар үчүн — «пятёрка» үлгүсүндөгү формалар даярдалды.

Бул демилге окуучулардын мектеп формасын бирдей кылып, мектептин талабына ылайык бирдей кийинишин камсыз кылуу менен бирге, ата-энелерге да чоң колдоо көрсөтүү максатында ишке  ашырылды.

Эске салсак, Шумкар-Уя айыл өкмөтү аймактагы билим берүү тармагын чыңдоого  жана окуучулар менен мугалимдерге заманбап шарттарды түзүүгө аракет кылып келет. Бул жолку колдоо дагы балдардын келечеги үчүн жасалган кадамдардын бири !