Шумкар-Уяда энелерге сый-урмат көрсөтүлдү

20.05.2026, 11:24
12

✔️Энелер күнүнө карата Шумкар-Уя айыл аймагындагы 60 жаштан жогору 250гө жакын энеге майрамдык иш-чара уюштурулду. Талас шаарындагы “Ак-Тилек” ресторанында энелерге арналган дасторкон жайылып, сый-урмат көрсөтүлдү.

🔶Энелерди Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Кыдыралиев жана айылдык кеңештин төрагасы Алтынбек Борукеев куттуктап, алардын үй-бүлөдөгү жана коомдогу орду өзгөчө экенин белгилешти.

🤲Иш-чара соңунда энелер ак баталарын берип, ыраазычылыктарын билдиришти.