КР Президентинин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» жарлыгынын алкагында Шумкар-Уя айыл аймагында окуучулар арасында кол өнөрчүлүк боюнча сынак өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын, каада-салттарын, кол өнөрчүлүк өнөрүн жана маданий мурасын жаш муундар арасында даңазалоо болду.
Сынакка аймактагы мектеп окуучулары активдүү катышып, өздөрүнүн кол эмгектерин көргөзмөгө коюшту. Катышуучулардын улуттук өзгөчөлүктөрдү чагылдырган эмгектерин атайын түзүлгөн калыстар тобу баалап, мыктыларын аныкташты. Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө дипломдор, сыйлыктар жана кызыктыруучу белектер тапшырылды.
I орун – Г. Орозалиева атындагы орто мектеби;
II орун – М. Туйтунов атындагы Бакай-Таш орто мектеби;
III орун – Хан-Бүргө орто мектебинин окуучулары ээ болушту.
Бул иш-чара окуучулардын улуттук маданиятка болгон кызыгуусун арттырып, кол өнөрчүлүк өнөрүн өнүктүрүүгө жана кыргыз элинин бай руханий-маданий мурасын кийинки муундарга жеткирүүгө чоң салым кошту.