Шумкар-Уяда коопсуздук боюнча жыйын өткөрүлдү

09.06.2026, 16:35
18

Бүгүн, 9-июнунда Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн имаратында антитеррордук жана техникалык коопсуздук маселелерине арналган инструктаждык жыйын өткөрүлдү.

Жыйынга айыл башчылары, мектептердин жана бала бакчалардын эмгек жамааттары, муниципалдык ишканалардын жана айыл өкмөтүнүн аппаратындагы кызматкерлер катышышты.

Иш-чаранын алкагында билим берүү мекемелеринин жана административдик имараттардын коопсуздугун камсыздоо, кызматкерлердин коопсуздук эрежелерин сактоосу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана аларга даярдык көрүү маселелери талкууланды. Ошондой эле ар бир мекеменин коопсуздук чараларын күчөтүү, мүмкүн болгон коркунучтарды алдын ала аныктоо жана алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Аталган иш-чара жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга жана кызматкерлердин жоопкерчилигин жогорулатууга багытталды.