9-сентябрда Шумкар-Уя айыл аймагындагы «Черди» туристтик зонасы пайдаланууга берилди. Эс алуучулар үчүн сапатуу жыгачтан бардык шарттары бар заманбап мончо, ашкана , ден соолукту чыңдоочу бөлмөлөр жана 10 заманбап «Барнхаус» үйү курулду.
📌Долбоор «Альянс Алтын» компаниясынын демөөрчүлүгү жана жергиликтүү бюджеттин каражатынын эсебинен ишке ашты.
Эс алуучу жай муниципалдык багытта иш алып барып, жергиликтүү бюджетке киреше алып келе баштайт. Ошондой эле аймактын туристтик мүмкүнчүлүгүн кеңейтип, эс алуу жана ден соолукту чыңдоо үчүн ыңгайлуу шарт түзөт.
@топовые поклонники