Шумкар-Уя айыл аймагында жайгашкан «Черди» туристтик зонасынын курулуш иштери кызуу темпте жүрүүдө. Долбоордун алкагында туристтер үчүн бардык шарттары каралган, заманбап үлгүдөгү 10 даана сапаттуу «Барнхаус» эс алуу үйлөрү курулуп жатат.
Туристтик зона «Альянс Алтын» компаниясынын демөөрчүлүгү жана Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин каражаттарынын эсебинен ишке ашырылууда.
Курулуш иштеринин жүрүшү менен Талас районунун акими Байышбек Астанакулов жеринде таанышып чыкты. Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Кыдыралиевдин маалыматына ылайык, туристтик жайдын курулушу 2026-жылдын 31-августуна чейин сапаттуу аяктап, андан соң алгачкы туристтерди кабыл ала баштайт.
Аталган долбоор аймактын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана жергиликтүү экономиканын өнүгүшүнө олуттуу салым кошот