Шумкар-Уяда жабык дренаж оңдолот жана өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн имараты курулат

16.06.2026, 16:38
16

14-июнда КР Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев ,Талас районунун акими Байышбек Астанакулов баштаган мекеме-уюмдардын жетекчилери жана айыл өкмөт башчысы Бакыт Кыдыралиев Шумкар-Уя айыл аймагынын Саз-Булак айылындагы жасалып жаткан жабык дренажды жеринен көрүштү. Министр өз сөзүндө жалпы 307 метр аралыкта жабык дренажды реконструкциялоо иштери жүргүзүлө тургандыгын билдирди.

Мындан тышкары жетекчилер Шумкар-Уя айыл аймагындагы өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн имаратын куруу боюнча бөлүнүп берилген жер тилкени жеринен көрүп, куруу иштери боюнча планга киргизүү тууралуу макулдашылды.

Белгилей кетсек, аталган жумуштар жергиликтүү калктын коопсуздугун камсыздоо максатында аткарылууда.