9-май – Улуу Жеңиш күнүнө карата Шумкар-Уя айыл аймагына караштуу Талды-Булак айылынын тургуну, согуштун жесири Бурмакан Султаналиевага 50 миң сом өлчөмүндө акчалай колдоо көрсөтүлдү.
Белекти Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Кыдыралиев жана айылдык кеңештин төрагасы Алтынбек Борукеев тапшырып, апаны майрам менен куттукташты. Алар Бурмакан энеге чың ден соолук, узун өмүр каалап, согуш мезгилиндеги улуу муундун эмгеги жана сабыры эч качан унутулбай турганын белгилешти