ШУМКАР-УЯДАГЫ ЖОЛДОР ТОЛУГУ МЕНЕН АСФАЛЬТ БОЛОТ!

25.07.2026, 16:30
19

✔️Бүгүн Шумкар-Уя айыл аймагынын Кеңеш айылындагы Нурак көчөсү капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп, асфальттоо иштери аяктагандан кийин пайдаланууга берилди.

✔️Жалпы 2 400 метр ички жолго сапаттуу асфальт төшөлүп, бардык талаптарга ылайык шарттар түзүлдү.

☝️ Жол чийимдери түшүрүлүп, коопсуздук үчүн суу өткөрүүчү лотоктор орнотулду.

✔️Бул маанилүү долбоор айыл өкмөтүнүн жана жергиликтүү депутаттардын колдоосу менен ишке ашырылды. Асфальттоо иштерине керектелген каражат жергиликтүү бюджеттен каржыланып, курулуш иштерин №36 Жол тейлөө ишканасы ийгиликтүү аткарды.

📌 Белгилей кетсек, бул жол айыл негизделгенден бери биринчи жолу асфальтталып, тургундар үчүн чоң кубаныч тартуулады.

🤲 Буйруса, Шумкар-Уя айыл аймагындагы башка ички көчөлөр да этап-этабы менен асфальтталып, элибизге дагы жакшы шарттар түзүлө берет!