Өлкө Президенти демилгелеген “Жашыл мурас” долбоорунун алкагында Шумкар-Уя айыл аймагына дагы 100 даана ак кайың көчөтү отургузулду. Жашылдандыруу иш-чарасын БПК ЖЧКсы уюштурду.
Аталган иш-чара аймакты жашылдандыруу, экологиялык абалды жакшыртуу жана келечек муунга таза айлана-чөйрө калтыруу максатын көздөйт.