ТАЙ ЖОРГОДО РЕСТ-ПОИНТ АЧЫЛДЫ

25.07.2026, 16:37
34

✔️Бүгүн, 25-июлда Шумкар-Уя айыл аймагында «Тай жорго» рест-поинти ачылды. Жаңы объект айыл өкмөтүнүн демилгеси жана жергиликтүү кеңештин депутаттарынын колдоосу менен курулуп, толугу менен жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланды.

☝️Рест-поинтте коноктордун ыңгайлуулугу үчүн заманбап ажаткана, намазкана, эне-бала бөлмөсү, ошондой эле кофе, чай жана башка суусундуктардан даам татып, эс алууга ылайыкталган жай уюштурулган. Ошондой эле жакынкы аралыкта бул жерге электр унааларын кубаттоочу станция да орнотулат.

✔️Токтоп эс алууга ылайыкталган туристтик жайдын көркүн арттыруу максатында тоо бооруна атайын тайдын айкели орнотулуп, ага жөө басып чыгуучу жол жасалды. Келген коноктор айланадагы кооз жаратылышты алыстан тамшануу менен көрө алышы үчүн атайын дүрбүлөр да коюлду.

🔶Тайдын айкелин орнотууга «Альянс Алтын» компаниясы демөөрчүлүк көрсөтсө, калган иштер жергиликтүү бюджеттин эсебинен ишке ашырылды.

✔️ Жаңы түзүлгөн туристтик багыттагы муниципалдык ишканага айыл өкмөтүнүн каражатына сатылып алынган жаңы кызматтык унаа тапшырылды.

☝️Ачылыш аземине КР Жогорку Кеңешинин депутаты Улукбек Узакбаев, КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Айгүл Закирова, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана облустун чыгаан атуулдары катышты.

🤝Иш-чаранын соңунда аймактын туристтик потенциалын арттырууга жана жаңы туристтик жайдын курулушуна салым кошкондорго сыйлыктар тапшырылды.