Талас облусунун башчысы Эрмат Джумаев Шумкар-Уя айыл аймагындагы тургундардын үнүн укту
21-майда КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев Шумкар-Уя айыл аймагынын тургундары менен жолугушту.
Элдик жыйында аймактагы 6 айылдын жашоочулары облус башчысына жана мекеме-уюмдардын жетекчилерине район деңгээлиндеги жана жеке маселелери боюнча кайрылышы, жеринде жооп алышты.
Белгилей кетсек, аталган жолугушуулар өлкө президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык өтүп жатат.