Президентибиз Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде бүгүн Шумкар-Уя айыл аймагына караштуу Талды-Булак айылындагы Чоң-Кошой өзөнүндө 100 гектар аянтка көчөт отургузуу иши башталды. Жалпы 88 миң даана көчөт тигилет.
Жашылдандыруу иш-чарасына КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев , Айыл чарба жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү , облустук мекеме уюмдардын жетекчилери жана кызматкерлери катышты. Ошондой эле Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Кыдыралиев баштаган кызматкерлер, айылдык кеңештин төрагасы Алтынбек Борукеев жана депутаттар активдүү катышып, көчөт отургузуу менен өз салымдарын кошушту.
Аймагыбыздагы токой аянттарын кеңейтүүгө жана келечек муунга жашыл мурас калтырууга багытталган бул демилгени ишке ашырууга салым кошкон бардык тараптарга — токой чарба кызматкерлерине, демөөрчүлөргө жана КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаевге терең ыраазычылык билдиребиз.
Бул иш-чара аймактын экологиялык абалын жакшыртууга өбөлгө түзүп, Таластын жашыл келечегине бекем негиз болууда