ТАЛДЫ-БУЛАКТАГЫ ЭСКИ МЕКТЕП ЗАМАНБАП БОЛУП ОҢДОЛДУ !

15.09.2026, 12:08
5

📌Шумкар-Уя айыл аймагына караштуу Талды-Булак айылындагы "Бакай-Таш" орто мектеби капиталдык ремонттон өткөрүлүп, бүгүн окуучуларга эшигин ачты.  

✅Курулуш иштерине каражат айылдык кеңештин чечими менен жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн. Колдоонун негизинде эски мектеп толугу менен жаңыртылып, заманбап абалга келтирилди.

✅Ошондой эле ичиндеги эмеректери да жаңыланды.

✅Мындан тышкары коопсуздукка өзгөчө көңүл бурулуп, айыл 64 видео байкоочу камералар орнотулду .

📌Жанылган мектептин ачылышын Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Кыдыралиев жана айылдык кеңештин төрагасы Алтынбек Борукеев жасап, окуучулар менен мугалимдерди "Билим күнү" менен куттукташты.

     ❗️Эске салсак, М.Туйтунов атындагы "Бакай-Таш" орто мектеби 1984-жылы курулуп, бул күнгө чейин толук кандуу капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүлгөн эмес.