Бүгүн, 25-июлда, Шумкар-Уя айыл аймагына караштуу Талды-Булак айылында кичи футбол аянтчасы салтанаттуу ачылды
Бул саамалык Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңештеги депутаттардын демилгеси , Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Улукбек Узакбаевдин колдоосу жана «Альянс Алтын» компаниясынын каржылык жардамы менен жүзөгө ашырылды.
Натыйжада эски спорт аянтчасы заманбап талаптарга ылайык оңдолуп, жаштардын жана спорт сүйүүчүлөрүнүн пайдалануусуна кайрадан берилди.
Ачылыш аземине Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Кыдыралиев, айылдык кеңештин төрагасы Алтынбек Борукеев, Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Узакбаев, КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Айгүл Закирова, ошондой эле Каныш-Кыя жана Каркыра айыл өкмөттөрүнүн депутаттары жана кызматкерлери катышышты.
Иш-чаранын алкагында айылдын өнүгүшүнө жана спорт тармагына кошкон зор салымы үчүн бир катар кызматкерлер Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы менен сыйланышты.
Жаңы спорт аянтчасы жаштарды сергек жашоого үндөп, алардын спорттук жетишкендиктерине өбөлгө болот деген ишеним чоң