Таза аймак- сергек жашоонун башаты

25.03.2026, 15:40
14

🌿Бүгүн, Шумкар-Уя айыл аймагында кеңири масштабдагы жалпы ишембилик уюштурулду. Тазалык акциясына айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, муниципалдык ишканалардын жамааты жана ар түрдүү мекеме-уюмдардын өкүлдөрү активдүү катышып, айлана-чөйрөнү көрктөндүрүүгө өз салымдарын кошушту.

🔶Мындан тышкары, аймактагы 6 айылдын тургундары да четте калбастан, жашаган аймактарын тазалап, ирээтке келтиришти.

🌿Биримдик, жоопкерчилик жана тазалыкка болгон камкордуктун аркасында айыл аймак көркүнө чыкты.