Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн депутаттары жана кызматкерлери тажрыйба алмашуу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жаатындагы ишмердүүлүктү өркүндөтүү максатында Тогуз-Торо районуна караштуу Каргалык айыл өкмөтүнө иш сапары менен барып келишти.
Иш сапардын жүрүшүндө эки тараптын өкүлдөрү жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча пикир алышып, башкаруу, калкка кызмат көрсөтүү, социалдык-экономикалык өнүгүү жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу багытындагы тажрыйбалары менен бөлүшүштү.
Белгилей кетсек, аталган Каргалык айыл өкмөтүнүн аймагында Макмал алтын кени ийгиликтүү иштеп келет. Жолугушуунун алкагында кен ишканасынын аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы, жергиликтүү бюджеттин кирешелерин көбөйтүү жана калкты жумуш менен камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу да кеңири маалыматтар берилди.
Мындай пайдалуу иш сапарлар жаңы идеялардын жаралышына, тажрыйба топтоого жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин мындан ары дагы өркүндөтүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзүүдө.