| ӨТҮНМӨ ФОРМАСЫ |
| Өтүнмө берүүчү жөнүндө маалымат |
1 | Уюмуңуздун курамында канча өндүрүүчү бар? Сураныч, өндүрүүчүлөрдүн санын тастыктаган расмий документти тиркеңиз. |
2 | Ѳндүрүүчүлѳрдүн канчасы аялдар? |
3 | Ѳндүрүүчүлѳрдүн канчасы 30 жашка чейинкилер? |
4 | Уюмуңуз өндүрүүчүлөргө айыл чарба ресурстарын же жабдууларды жакшыртуу боюнча колдоо көрсөтөбү? ☐ Ооба ☐ Жок Эгерде ооба болсо, көрсөтүлгөн колдоону кыскача сүрөттөп, акыркы мисалдарды же тастыктоочу документтерди тиркеңиз. (50 сөздөн ашпоого тийиш.) |
5 | Сунушталган долбоордун алкагында жакшыртылган өндүрүш ыкмалары канча гектар аянтта колдонулат? |
6 | Уюмуңуздун төмөнкү аспектилери боюнча негизги ачкыч сөздөрдү жазыңыз: күчтүү жактары; начар жактары; мүмкүнчүлүктөрү; тобокелдиктери. (Ар бир бөлүм 50 сөздөн ашпоого тийиш.) |
7 | Уюмуңуз мурда банктык мекемелерден насыя алганбы? ☐ Ооба ☐ Жок |
8 | Уюмуңуз акыркы 5 жылдын ичинде башка гранттык программаларга катышканбы? ☐ Ооба ☐ Жок Эгерде ооба болсо, маалымат бериңиз. |
| Өтүнмө берүүчүнүн максаттары жана стратегиясы |
9 | Уюмуңуз иш алып барган кошумча нарк чынжырын тандаңыз: ☐ Дары-дармектик жана жыпар жыттуу өсүмдүктөр ☐ Мөмө-жемиштер, мөмөлөр жана жаңгактар ☐ Сүт азыктары жана салттуу тоо продукциялары ☐ Аарычылык продукциялары ☐ Жашылчаларды сактоо жана кайра иштетүү | ☐ Табигый булалар, жүн жана кол өнөрчүлүк буюмдары ☐ Кайра иштетилген тоо азык-түлүк продукциялары ☐ Агротуризм ☐ Сугат, мал сугаруу жана аквакультура ☐ Башка тоо продукциясы же кызматы (тактаңыз) |
10 | Уюмуңуздун негизги ишмердүүлүгүн сүрөттөп бериңиз. (Учурдагы ишмердүүлүгү, ушул тармактагы тажрыйбасы, маркетингдик стратегиясы жана продукцияны сатуу каналдары.) (250 сөздөн ашпоого тийиш.) |
11 | Уюмуңуздун мүмкүнчүлүктөрүн толук ишке ашырууга кандай тоскоолдуктар бар жана аларды жоюу үчүн эмнелер талап кылынат? (250 сөздөн ашпоого тийиш.) |
| Инвестициялар |
| 12 | Сунушталган инвестициянын негизги максаты жана кандай натыйжаларга жетишүү күтүлүүдө? (инвестициянын максаты; кирешелүүлүгү; экономикалык туруктуулугу; инновациялык өзгөчөлүктөрү; рынокко чыгуу мүмкүнчүлүктөрү; уюмдун мүчөлөрүнө тийгизе турган таасири). (500 сөздөн ашпоого тийиш.) |
| 13 | Инвестициялык планда каралган капиталды жана (же) башка активдерди (мисалы, айыл чарба жерлери, имараттар, жабдуулар, эмгек ресурстары, кесиптик көндүмдөр ж.б.) пайдаланууга уюмуңуздун укуктук жана практикалык мүмкүнчүлүгү бар экендигин ырастаган документтерди тиркеңиз. |
| 14 | Инвестициянын бюджети - Бюджеттин кыскача таблицасы |
| Жалпы бюджет | Суралган гранттын суммасы | Акчалай өздүк салым | Акчалай эмес өздүк салым |
| Инвестициянын деталдаштырылган бюджети |
| Чыгымдардын категориясы | Сатып алынуучу товарлардын же кызматтардын сүрөттөлүшү (максаты жана техникалык мүнөздөмөлөрү) | Бирдиктин баасы (АКШ доллары) | Жалпы наркы (АКШ доллары) | ФАОнун грантынын эсебинен суралган сумма (АКШ доллары) | Бенефициардын салымы (АКШ доллары) (акчалай/акчалай эмес) |
| 15 | Сиздин акчалай жана акчалай эмес өздүк салымыңыз жалпы инвестициянын канча пайызын түзөт? |
| 16 | Ар бир негизги каражаттын наркы 10 000 АКШ долларынан төмөнбү? ☐ Ооба ☐ Жок |
| | Долбоордун БИА программасынын негизги баалуулуктарына шайкештиги |
17 | Уюмуңуз менен иштеген өндүрүүчүлөр органикалык өндүрүш жүргүзүшөбү? ☐ Ооба ☐ Жок Эгерде ооба болсо, тиешелүү документтерди тиркеңиз (сертификат же органикалык айыл чарбасынын принциптеринин сакталгандыгы жөнүндө кол коюлган өз алдынча декларация). |
18 | Уюмуңуз Катышуу аркылуу кепилдик берүү системаларын (PGS) колдойбу? ☐ Ооба ☐ Жок Эгерде ооба болсо, жүргүзүлүп жаткан иш-чараларды сүрөттөп бериңиз. (500 сөздөн ашпоого тийиш.) |
19 | Уюмуңуз коммерциялык ишмердүүлүгүндө социалдык ишкердик ыкмаларын колдонобу? ☐ Ооба ☐ Жок Эгерде ооба болсо, колдонулган ыкмаларды сүрөттөп, тиешелүү документтерди (мисалы, ички жобо же устав) тиркеңиз. (250 сөздөн ашпоого тийиш.) |
20 | Сиздин продукцияңыз жана өндүрүш ыкмаларыңыз өлкөңүздүн маданий мурасы менен кандай байланышта? Иштеп жаткан жергиликтүү (аборигендик) же нукуралашкан продукцияларды же салттуу өндүрүш процесстерин көрсөтүңүз. (250 сөздөн ашпоого тийиш.) |
| 21 | Уюмуңуз жаштарды тоолуу аймактардагы айыл чарбасына тартуу үчүн инновациялык ыкмаларды колдонобу? ☐ Ооба ☐ Жок |
| 22 | Сиздин продукцияңыз жана өндүрүш ыкмаларыңыз өзүңүз иш алып барган экосистема менен кандай байланышта жана алар жаратылышка негизделген чечимдерди (Nature-based Solutions, NbS) ишке ашырууга кандай салым кошот? (250 сөздөн ашпоого тийиш.) |